Жаңылыктар
Ушул жылдын 7 айынын ичинде республика боюнча 945 адам коронавирустан каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ушул жылдын 7 айынын ичинде республика боюнча 945 адам коронавирустан каза болду

Ушул жылдын 7 айынын ичинде республика боюнча 945 адам коронавирустан каза болду. Анын ичинен 13 пайызы же 121 адам геппатит оорусунан улам кайтыш болгондор. Ал эми пандемия башталгандан бери коронавирустан 2 миң 344 адам каза болду. Акыркы бир түндө 897 адамдан COVID-19 аныкталып, дагы 9 бейтап каза болду.

Өлкөдө эпидемиологиялык абал дале курч бойдон. Айрыкча борбор Бишкек шаарында ооругандар көбөйдү. Тилекке каршы каза болгондордун саны да азая элек. Бир түндө ковидден борбор калаанын беш тургуну, Чүй облусунун үч, Ош облусунун бир жашоочусу каза болду.
 
Бүгүнкү күндө стационарларда төрт миңге жакын бейтап, амбулатордук түрдө 9 миңден ашуун адам дарыланууда. Дарыгерлерди кооптондурганы, ушул тапта ооруканаларда 200гө жакын бейтап өтө оор абалда жатат.
 
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 779 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 913 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 164 миң 743 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 147 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 344 адам каза болду.
 
 стационарларда 3 779
 амбулатордук түрдө 9 913
 жуктургандар 164 743
 айыккандар 147 377
 каза болгондор 2 344
 
Ушул тапта эмдөө компаниясы өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатат. Адистердин айтымында, COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдө геппатит сыяктуу жугуштуу ооруларды эске алуу керек. Себеби геппатит оорусунун курч мезгилинде, боордун циррозу жана фульминанттык түрү менен ооругандарды, биохимиялык көрсөткүчү жогору болгондо, боорду алмаштыруудан кийин жана боордун рак оорусуна айланган учурда эмдөөгө болбойт.
 
Туура бир айдан кийин жаңы окуу жылы башталат. Эгерде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал сентябрга чейин жакшырбаса, балдардын мектепке барып билим алышына уруксат берилээри азырынча белгисиз. Билим берүү министрлиги эмдөө жана реалдуу убакытта окутуу боюнча жаңы окуу жылына даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.
 
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган тажылуу вирус пандемия башталгандан бери 198 миллиондон ашык адамга жугуп, 4 миллион кишинин өмүрүн алды. Азырынча ооруну айыктыра турчу дары табыла элек. Бирок вакцина алуу жолу менен вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюуга болот. Жугуштуу ооруга каршы сайылып жаткан вакциналар Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму тарабынан тастыкталган.