Талас облусу боюнча ушул күнгө чейин 19 миң жаран COVID-19 каршы эмдөөдөн өттү. Дубан аймагында 100гө жакын эмдөө пункттары уюштурулуп, иштеп жатат. Ал эми коронавирус жугуп, кызыл тилкелерге 80 бейтап дарыланууда.
Талас облусу боюнча жарандарды жеринде эмдөө боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Бул үчүн аймакта 100 эмдөө бөлүмдөрү иштеп атат. Алар айылдык эмканаларда, клубдарда, мектеп жана эл көп келген соода түйүндөрүндө жайгашкан. Бирок, бул жайларга эмдөөдөн өтүү үчүн келгендердин катары аз. Мындан улам мобилдик топтордун саны көбөйтүлдү.
Бүгүнкү күндө облус боюнча 19 миң адам эмделди. Эпидемиологдордун маалыматына таянсак, эмделбегендер чет жака чыга албайт. Күнү-түнү эки тараптуу каттамы тынбаган Таластагы кыргыз-казак чек ара пунктунан эмделген жарандар гана эмдөө сертификаты менен жеңил өтүп жатышат. Ал эми вакцина албагандар чек арадан акысы жогору ПЦР тест тапшырып өтүүсү керек.