Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун Талас облусуна иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.
Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Бишкек-Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишин, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз жолунун абалын текшерип, Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Жарандардын арыздары боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалы, Шекер айылындагы «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары, жакында сел жүргөн Кара-Буура районуна барды.
Сапардын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, жамап-түзөө иштеринен баш тартып, Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 6 чакырым унаа жолуна эки катмар асфальт төшөө менен капиталдык ремонттон өткөрүү, Кара-Буура – Чаткал жол тилкесин грейдер менен тазалап, жолду ачуу тапшырылды. Кара-Буура районундагы селдин кесепетинен жабыркаган көпүрөнү эки жуманын ичинде калыбына келтирүү милдети коюлду. Министрлер кабинети келерки жылы Шекер айылындагы «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун биринчи этабын жыйынтыктоо үчүн калган сумманы бөлүп берет.