Ысык-Көлдө Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 27 турак үйдүн ээсин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Сел Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактар тамыры менен жулунуп, агып кеткен бир көпүрө авариялык абалда турат. Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 20 куткаруучу, 4 офицер, ИИМден 40 кызматкер, транспорт кызматынан 2 спринтер тартылган. Каракол суусунун кооптуу тилкелерин аныктоо максатында 24 куткаруучу жана шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.
Мындан сырткары “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптап жатат. Каракол шаардык Жарандык коргоо кызматтарынын инженердик техникалары иш алып баруу үчүн даярдалууда.