Борбордо “Кыргызстандагы туруктуу тутумдар: инновациялык чечимдер, жашыл экономиканы жана климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо жолу менен ишке ашыруу” аталышындагы жыйынтыктоочу улуттук форум болуп өттү.
Буга чейин өлкөдө азык-түлүк тутумун калыптандыруу боюнча ишкерлер менен жаштардын катышуусунда бул сыяктуу беш иш-чара өткөн.
Анда азык-түлүктүн кымбатташы, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө таасир этүүчү климаттык шарттардын өзгөрүшү, социалдык абалдын начарлашы, башкаруу тутумунун сапаты сыяктуу бир топ көйгөйлөр талкууланган.
Белгилей кетсек, жогоруда айтылган иш-чараларда иштелип чыккан бардык сунуштар ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто өтө турган БУУнун азык-түлүк тутумдары боюнча глобалдык саммитинде сунушталат.