Жаңылыктар
Кувейт – Бишкек – Кувейт маршруту боюнча жаңы аба каттам ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кувейт – Бишкек – Кувейт маршруту боюнча жаңы аба каттам ачылды

Кувейт – Бишкек – Кувейт маршруту боюнча жаңы эл аралык туруктуу аба каттамы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, каттам Тышкы иштер министрлиги, Транспорт министрлиги, Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги жана «Манас» эл аралык аэропортунун бирдиктүү ишинин алкагында ачылды. Каттамды жумасына 2 ирет – шаршемби жана жекшемби күндөрү «Jazeera Airways» авиакомпаниясы ишке ашырат. 

Жаңы каттамдын ачылышы Кыргызстан үчүн учуулардын географиясын кеңейтип, транспорттук, соода-эономикалык, инвестициялык жана туристтик тармакта эки тараптуу кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнү шарттайт.