Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлганын УКМКнын маалымат кызматы билдирет. Майнинг иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар алынды. Иш кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө катталды. Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жүрүп жатат. Комитет энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча иштерди улантат.