Өлкөдө шайлоону партиялык жана бир мандаттуу тандоо аркылуу өткөрүү тартиби боюнча коомдук талкуулар уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эл аралык серепчилерден турган өкүлдөр шайлоочуларга ыңгайлуу жолду сунуштай турган ар тараптуу пикирлерди талдап жатышат. Ушул тапта коомчулуктагы сунуштарды эске алуу менен 90 депутаттын 55и можаритардык, 35и бир мандаттуу жол аркылуу шайланса деген пикир талкууда.