Жаңылыктар
Улукбек Марипов Чүй облусун кыдырды
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов Чүй облусун кыдырды

Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл райондорунда эгин бышар маалда суу тартыш. Түшүм алуудан үмүт үзө баштаган дыйкан-фермерлер менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жолугуп, бүгүн эртең кошумча суу берүүгө убада берди. Учурда арпанын түшүмү ысыктан өспөй калып, жүгөрү талаалары да куурап калуу коркунучунда турат. Мындан сырткары Чүй облусун кыдырган маалда Улукбек Марипов Сосновкадагы өткөрүү пунктуна кокустан барып, ал жактагы жашыруун коррупциялык көрүнүштөргө карата жетекчиликке катуу эскертүү берди. Аны менен катар жолдо Бишкек-Кара-Балта жолун да көрүп, кечеңдеп жаткан иш тууралуу министрликтин ишин сынга алды.