Кумтөр келишимдериндеги коррупция фактысы боюнча акыркы жумаларда онго жакын жогорку кызмат адамдары кармалды. Арасында мурдагы өкмөт башчылар, депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Күн мурун экс-депутат Алмазбек Баатырбеков жана Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев кармалса, бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы экс-депутат Ширин Айтматова суракка чакырылганы кабарланды.