Жаңылыктар
Ош облусунун Ноокат районунда кырсыкка учураган тик учак боюнча кызматтык иликтөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун Ноокат районунда кырсыкка учураган тик учак боюнча кызматтык иликтөө башталды

Ош облусунун Ноокат районунда кырсыкка учураган тик учакка байланыштуу кызматтык иликтөө башталды. Айта кетсек 4-июнда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусунун Чоң-Алай районуна бара жатып, аргасыз конууга дуушар болгон. 

Жерге катуу конгондун жыйынтыгында тик учактан өрт чыгып, андан кийин толугу менен күйүп кеткен. Башкы штаб тик учактын кырсыкташына байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын кабарлады.

Бул жер Ноокат районуна караштуу Кичи Алай айылындагы Арча-Бешик жайлоосу. Чоң-Алай районуна бараткан тик учак, дал ушул жайлоого аргасыз конууга дуушар болгон. Социалдык тармактарга жарыяланган бул видеодо аба техникасы кулаганда күйүп, талкаланып эч нерсеси калбай калганын көрүүгө болот.