Бишкек шаарындагы бир нече каттамды тейлеген кичи автобустар ишке чыгышты. Калаа жетекчилиги айдоочулар менен сүйлөшүү дагы эле уланып жатканын, алардын ичинде бир тобу ишин улантып турууга макул болгонун билдирет.
Кээ бир кичи автобустардын айдоочулары транспорттун сыртына “жол акы 15 сом” деп жазып алганын айыптап, аларга чара көрүлөрүн эскертти. Бишкекте 2-июнда шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш таштаган.
Алар алгач маршруттук таксиге жол кирени 15 сомго, кийин 20 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан. Коомдук транспорттун айдоочулары жыл башында да нааразылык акциясына чыккан.