Жаңылыктар
Баткен облусундагы жабыркаган чек ара айылдарынын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусундагы жабыркаган чек ара айылдарынын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Баткен облусундагы жабыркаган чек ара айылдарынын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти. Алгач аларды "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Эс алууга жөнөп жаткан балдардын көпчүлүгү Ысык-Көлгө биринчи жолу баратканын жашырган жок.

Балдардын арасында ошол кандуу окуяларга күбө болгон 12 жаштагы Арууке Сайдиева бар. Айтымында, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө баруу көптөн берки кыялы болгон. Эми минтип эңсеген тилеги орундалып, сүйүнүчүндө чек жок.

100 бала жана 15 мугалим “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна 10 күнгө жиберилди. Бул президент Садыр Жапаровдун демилгеси, ошондой эле мамлекет башчынын «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында аткарылууда.

Балдарды эс алууга жиберүү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда стресс болгон балдарды калыбына келтирүүгө багытталган. Алардын саламаттыгына ар тараптуу кам көрүү улантыла бермекчи.