Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал дагы деле туруксуз болууда. Бир ай мурда эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсүнөн кийин ок атышууну токтотуу, чек ара тилкелери чечилгенчекти эч кандай кадамдарга барбай туруу сыяктуу тынчтык жолундагы макулдашуу болгон. Ага карабай тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишимин бузду.