Коомдук транспорт менен камсыздоо мамлекеттик органдардын эл алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бири. Маселен КМШ мамлекеттеринде коомдук транспорт толук көзөмөлгө алынып, жолго коюлган. Бирок Бишкектеги коомдук транспорт маселеси өлкө эгемендик алгандан бери тиешелүү деңгээлде каралган эмес деп серепчилер билдирүүдө.