Бүгүн, 8-апрелде саат 13:33тө Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн 1965-жылы туулган эркек кишинин жансыз, күйүп кеткен денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алай райондук ӨКМ кызматкерлери 13:40да жерине барып, саат 13:44дө курчоого алышкан. Жалпы 103м2 аянт күйүп, саат 14:04дө өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттөнгөн турак үйдөн табылган эркек кишинин жансыз денеси Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.