Акимдердин жана анын орун басарларынын ордуна кадрларды тандоо вазийпасы аягына чыгып калды. 2 күндөн бери Бишкек шаарында өтүп жаткан аңгемелешүү, бүгүн Ошто уланат.
Ошо менен бош калган райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилик кызматтары толукталат. Айта кетсек, буга чейин кадрлар резервине 800 дөн ашык адам арыз берген болсо, сынактын биринчи туру-тестирлөөдөн 120 сы гана өткөн.