Жаңылыктар
Шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар боюнча бирдиктүү реестрге 55 материал катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар боюнча бирдиктүү реестрге 55 материал катталды

Прокуратура органдары тарабынан шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү, референдумга байланышкан укук бузууларды алдын алуу боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. 

Алсак, жарандардан, жергиликтүү кеңештердин талапкерлеринен мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү, айрым талапкерлердин документтерин фальсификациялоо жана башка маселелер боюнча жалпы 19 кайрылуу түштү. Бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынууда. 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 55 материал катталды.