Жаңылыктар
Июнь окуялары кайрадан иликтенет
Кыргызстан жаңылыктары
Июнь окуялары кайрадан иликтенет

Коомчулукта 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча чындыкты билүү ушул күнгө чейин негизги талап бойдон калууда. Мындай пикирлерин бир катар коомдук ишмерлер, эксперттер билдиришти. Алар июнь окуялары тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышса жана бул өңдүү окуялар кийинкиге сабак болушу керек дешет. Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган.