Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн ооруканада 93 орундук бош турат. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада 3 бейтапкана 435 орундук түзүлгөн. “Учурда 342 бейтап дарыланууда. Бейтаптардын 254ү орточо оор, 60ы оор, 36сы өтө оор абалда”, - дейт ал. Шамырканова кошумчалгандай, шаарда 13 мобилдүү топ иштөөдө. Мобилдүү топтор 1-январдан тарта 9 миң 939 ПЧР анализ жүргүздү.