Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-март айларында 8 млрд. 781,2 млн. сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленген план 102,7 пайызга аткарылды же 231,2 млн. сомго көп жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 750,3 млн. сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 109,3 пайызды түздү.