Чек-ара маселелеринин чечилиши оной иш эмес. Аны кийинки 30 жылдын ичинде олконун жетекчилери жакшы эле тушунуп калса керек. Анткени кийинки 30 жылдын аралыгында чечилген чек-ара маселелери бир тен, акыркы жарым жылда чечилген маселелер - бир тен болгондой сезилет. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айтымында, 24-мартта Ташкент шаарында болуп откон кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлорунун жыйынтыгы боюнча кыргыз-озбек чек ара маселелери 100% чечилди.
СССР учурунда жалпы мамлекеттик чек ара маселелери Москвада чечилип, борбордук органдар тарабынан козомолдонуп келген. Ал эми чет-жакадагы республикалардын чек аралары жонундо эч ким ойлонуп да койгон эмес, себеби бир тууган элдердин, бир олконун республикаларын болуп жаруу, араздоо идеологияга карама каршы келген корунуш катары саналып келген. Учурда чек арадагы талаш тилкелеринин маселелери ошол идеологиянын жемиштеринин бири, дейт эксперттер.
Ошого карабастан Кыргызстан менен Озбекстандын чек ара маселелери боюнча улуттук комиссиялары суйлошуулорду ийгиликтуу откоруп, чек арадагы талаш тилкелери боюнча макулдашууларга жетише алышты. Учурда эки тараптын улуттук комиссияларынын мучолору чек араны делимитациялоо жана демакркациялоону иш жузундо улантып келишуудо. Бул жонундо Камчыбек Ташиев ушул жумада аймактардын тургундарына толук маалыматын берди.
30 жылдан бери кайра кайра айтылып келген маселелердин акыры чечилип жатканы, тилекке каршы айрымдарга жакпай тургандай сыягы. Социалдык тармактарда, айрым интернет булактарында бул суйлошуулордун жыйынтыктарына шек келтирген пикирлер пайда болуп, элдин, катардагы жараандардын конулун тетири буруга аракеттер жасалып келуудо.
Эксперттердин айтымында, мындай терс пикирлердин максаты коомдогу бейпилдикти козгоп, элдин калын катмарын дурботуп, чек арадагы журуп жаткан делимитация процесстерин токтотууга аракет жасоо менен, Кыргызстандагы саясий реформаларга бут тосууда жатат. Бийликтин жасаган кадамдарына каршы аракеттенип келген айрым саясий кучтордун башкы максаттарынын бири 11-апрелде боло турган референдумдун жолун тосуу болуп саналат, дейт саясий серепчилер. Демек, активдуу жараандар, жалпы эле олконун тургундары мындай терс пикирлерге конул бурбай, эс-акылдуулук, салмактуулук менен турутуулукка баш ийгени макул, деген пикирин эксперттер баса белгилешуудо.