Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери ата-энесинин уруксаты менен токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган өспүрүм мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылган. Тилекке каршы натыйжа болгон эмес. “Бүгүн жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.