Жаңылыктар
Белгилүү журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаева көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
 Белгилүү журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаева көз жумду

Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист жана жазуучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жаркын Темирбаева 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. 

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган. Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган. Андан кийин “Азаттык” радиосунда эмгектенип, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган. Кийинчерээк "Зындан" аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. Ош окуясы тууралуу тарыхый эскерүүлөрдү жазган. "Жаныбек казы", "Ай ыйлаган түн" чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон. Чебер калемгердин эмгеги жогору бааланып, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган, "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган. Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаеванын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз. Марипов, Новиков, Кармышаков, Асанкулов, Иманалиев, Койчиев, Байтерек, Асканова, Камчыбекова, Жуматаева, Касымалиева, Дүйшеев, Мамазаирова, Раев, Кулуев, Чоротегин, Идинов, Молдокасымов, Оторбаев, Абдалова ж.б.