Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын, алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты. Республикалык аттестациялоо комиссиясы 2 апрелде аттестациялоону жыйынтыктады.
Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 21 талапкерден 3 талапкер 50 пайыздык босогодон кем упай алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы - аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен 16 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, 5 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту. Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.