Жаңылыктар
Чолпон-Атада 15-майда өтө турган эл аралык марафонго ыктыярчылар керек
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Атада 15-майда өтө турган эл аралык марафонго ыктыярчылар керек

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 15-майда өтө турган эл аралык марафонго ыктыярчылар керек. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ысык-Көл IX эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун марафонунда ыктыярчылар катышуучуларды жайгаштыруу жана тамактандыруу, транспорттук логистика, демөөрчүлөр менен иштөө, ЖМК менен иштөө, медициналык коштоо, калыстар менен иштөө, котормочулар, күйөрмандар үчүн кызматтар, VIP конокторду коштоо багыттары боюнча иш алып барат.

Ыктыярчылар кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин билген, жашы 18 жаштан жогору Кыргызстандын жарандары болушу керек. Билдирүүлөрдү marafonm4@gmail.com электрондук дарегине 5-апрель күнү саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек. Аны менен бирге талапкерлердин өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн жана "Марафонду өткөрүүдөгү менин ролум" темасына мотивациялык кат жиберүү зарыл. Кошумча суроолор боюнча 0312 32-52-18 телефону аркылуу байланышса болот. Ыктыярчылар билдирүүнү шилтемедеги үлгү сыяктуу толтурушу керек.

2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген.

Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон 42,19 чакырым, жарым марафон 21,97 чакырым, 10 чакырым жана 3 чакырым. Ал эми кийинки түрү скандинавиялык басуу үч чакырымдык аралык болмокчу.