"Ак-Жол" өткөрмө бекетинин ачылышынан кийин эки мамлекеттин премьер-министрлери кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 9чу жыйынына катышты. Эки тараптуу жыйындын чакан курамда өткөн жолугушуусу Кордайда болду. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында сүйлөштү.