Акын, коомдук ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленди.
Жолон Мамытов кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, өзгөчө сүйүү акыны катары эсте калган. Лирикалык кечеде акындын ырлары көркөм окулду. Жолон Мамытов, 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык газет-журналдарда, альманахтарда басылган. Акындын бир нече ырлар жыйнагы жарыяланган. Мамытов 48 жашында дүйнөдөн кайткан.