Жаңылыктар
Гендердик теңчиликке жетүү боюнча жаңы Улуттук стратегия талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Гендердик теңчиликке жетүү боюнча жаңы Улуттук стратегия талкууланды

2030-жылга чейинки Гендердик теңчиликке жетүү боюнча жаңы Улуттук стратегия талкууланды. Иш-чаранын максаты - гендердик тенчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны талкуулоо жана катышуучуларга иш-аракеттер планынын долборлору тууралуу маалымат берип, сунуш-пикирлерди чогулту. 

Талкууга министрлик менен ведомстволор, жергиликтүү башкаруу органдары, жарандык коом, аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр, серепчилер жана өнөктөш уюмдар катышты. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан координацияланган ведомстволор аралык жумушчу топ 2020-жылга чейинки Кыргызстандын Улуттук стратегиясын жана иш-аракеттер планын талдап, өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлгөн аймактык консултациялык жыйындарда талкууланган.