Улуттук банк валюта базарына 50 миллиондун тегерегинде доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи ирет валюталык интервенция жасоодо. Бейшемби күнгө салыштырмалуу доллардын сатып алчу курсу 4 тыйынга түшүп, 84 сом 72 тыйын болду, сатуу мурдагы эле калыбында 84 сом 90 тыйын болду.