Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 млрд. 743 млн. сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 106,5 пайызга аткарылды же 1 млрд. 320 млн. сомго ашыгы менен жыйналды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу салыктар 4 млрд. 658 млн. сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 127,3 пайызды түздү.
Ошол эле учурда, республикалык бюджетке 17 млрд. 100 млн. сом салык жыйналды, план 104,4 пайызга аткарылды же 717 млн. сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3 млрд. 901 млн. сомго өстү.
Жергиликтүү бюджетке 4 млрд. 643 млн. сом салык түштү, план 114,9 пайызга аткарылды же 603 млн. сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 757 млн. сомго көп жыйналды.