Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунан баш тартып, өз жаңылыштыгын мойнуна алды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунан баш тартып, өз жаңылыштыгын мойнуна алды

Ысык-Көл облусунда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмдун мүчөсү өз ыктыяры менен андан баш тартты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүн алдын алуунун алкагында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун кыймылынын ишмердүүлүгүнө Түп районунун тургунунун айрым жашоочуларды үгүттөгөнү белгилүү болду. 

Өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Кыргызстандын жараны өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттерине мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартты. УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу чаралары улантылууда.