Суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясаты жүргүзүлөт. Бардык мамлекеттик органдар сууну сактоо максатында пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керек.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун айтымында, электр энергиясын иштеп чыгууда, башкы милдеттердин бири – Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Электр энергиясын жоготуулардын деңгээлин, ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары тарабынан пайдаланылган электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл.
2020-жылдын соңуна карай бир дагы бөлүштүрүү компаниясы Өкмөттүн дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча тапшырмасын аткарган эмес.