Жаңылыктар
Түрк кеңеши алкагындагы экономикалык алака
Кыргызстан жаңылыктары
 Түрк кеңеши алкагындагы экономикалык алака

Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кечээ өткөн видеоконференция форматындагы бейформал саммитинде Түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондун түзүү демилгеси боордош өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштардын жаңы барагын ачарын айтып, аталган финансылык институттун баш кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады. Ошондой эле ал Транс Каспий эл аралык транспорттук каттамынын потенциалын толук пайдалануунун зарылдыгын белгиледи.