Социалдык тармактарда тараган бет каптардагы курттар тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Бет каптар атайын лабораториялык текшерүүдөн өтүп, анын курамында адамдын ден соолугуна зыян келтире турган заттар жок экендиги аныкталды. Тескерисинче бет кап адамды 95%га чейин тышкы вирустук факторлордон коргойт. Учурда вирус кайрадан көбөйгөндүктөн дайыма бет кап кийип жүрүү муктаждыгы күчөдү.