Жаңылыктар
Айдоочунун эсине! Төө-Ашуу жана Ала-Белде жолчулар атайын каражаттарды сээп, жолду тазалашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочунун эсине! Төө-Ашуу жана Ала-Белде жолчулар атайын каражаттарды сээп, жолду тазалашууда

Бишкек — Ош жолуна кар жааганына байланыштуу, Төө-Ашуу жана Ала-Белде жолчулар атайын каражаттарды сээп жатышат. Трассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган. 

Транспорт министрлиги айдоочуларга тайгакта колдонулуучу чынжырларды алып жүрүүгө, тыгында каршы тилкеге чыкпоого, унаалар ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоого, инерттүү материалдарды сээп, иштеп жаткан жолчуларга, техникага тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөк менен жолго чыкпоого чакырат. Мындай чаралар айдоочулардын ашууда тыгындарга кабылып бир нече сааттап жолдо туруунун алдын алууга жардам берет.