Жаңылыктар
Мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип мурдагы вице-мэр менен УКМК кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип мурдагы вице-мэр менен УКМК кызматкери кармалды

Мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип Бишкектин мурдагы вице-мэри жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Колго түшкөн эки шектүү тең Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, жогорку кызматтагы адамдар дагы башка кызматтагылар менен сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын мэриясында иштегендерге басым жасаган. Алар жер участокторун тааныш адамдарына каттатууга аракет кылышкан. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.