Жаңылыктар
«Коопсуздук - 2021» аскердик машыгуусунун биринчи этабы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
«Коопсуздук - 2021» аскердик машыгуусунун биринчи этабы башталды

Бүгүн, «Коопсуздук - 2021» биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды. 

Иш-чараны ачкан Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, биргелешкен машыгуу Куралдуу күчтөр мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, топтордун терс кара өзгөй ойлоруна бөгөт коюуга даярдыкты далилдерин айтты. Машыгуу 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрөт. 

Негизги тема – республиканын айрым аймактарында аскердик абалды жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчутулган кырдаалда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат. Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылды.