Жаңылыктар
Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү

Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү. Кеңешти түзүү боюнча Жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду. 

Ага Жазык кодексинин, Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстеринин, Жазык-процесстик жана Жазык-аткаруу кодексинин, Административдик-процесстик кодексинин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», «Медиация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын макамы жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамдардын колдонулушуна талдоо жүргүзүү кирет. Кеңеш үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту бир жумалык мөөнөттө түзүү тапшырмасы Президенттин Аппарат Жетекчисине тапшырылды. 

Ошондой эле, кеңештин багыттары боюнча башка эксперттик жумуш топ бир айлык мөөнөттө түзүлөт. Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап, кароого киргизиши керек. Кеңеш аталган сунуштарды даярдоо, багыттар боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультативдик орган болот. 

Жарлык менен Президенттин айрым актылары күчүн жоготту деп табылып, ага жараша мамлекет башчысына караштуу соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн Кеңеш жоюлат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кеңешти Президент жетектейт.