Быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү көбөйөрү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы "2021-жылдагы калыбына келтирүүчү күчтүү өсүш" аттуу баяндамасында божомолдоду.
Маалыматка караганда, быйыл Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 3,9 пайызды түзөт. Буга былтыркы жылга салыштырмалуу санитардык чектөөлөрдүн жумшартылышы себеп болмокчу. Ушу жылдын экинчи кварталында кызмат көрсөтүү жана соода тармактарында өсүш болот. Ал эми транспорт жана туризм анчалык тездик менен калыбына келе албастыгы айтылат.