Жаңылыктар
Бир суткада коронавирус 164 адамдан табылып, 88 бейтап айыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бир суткада коронавирус 164 адамдан табылып, 88 бейтап айыкты

Бир суткада коронавирус 164 адамдан табылып, 88 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Илдетти жуктургандар Бишкекте - 97, Чүй облусунда - 51, Ысык-Көлдө - 8, Ош шаарында - 4, Жалал-Абад облусунда - 2, Нарын облусунда - 2. Ош, Талас жана Баткен облустарында илдет жуктурган жаңы учур катталган жок. Учурда стационарда 504 бейтап, амбулатордук шартта 688 киши дарыланууда. 

Пандемия башталгандан бери 88 538 киши коронавирус менен ооруп, дартты 84 897 бейтап жеңген. Өткөн суткада Бишкекте бир адам илдеттин курмандыгы болду. Ушуну менен өлүм учурларынын саны 1 миң 500гө жетти.