Жаңылыктар
Реализм салтын уланткан сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү 15-апрелге чейин уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Реализм салтын уланткан сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү 15-апрелге чейин уланат

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде реализм салтын уланткан таланттуу сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү өттү. 

Көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартуулаган иш-чара 15-апрелге чейин уланат. Сүрөтчүнүн эмгектериндеги чын ыкластуулук, чынчылдык жана адамга таасир бере турган конфессионалдуулук күйөрмандарды кайдыгер калтырбайт. Ошондой эле адаттан тыш композициялык чечимдер да бар. 

Сүрөт тартуу өнөрүн негизги кесибине айланткан Жыргалбек Матураимов жеке көргөзмөлөрүн буга чейин чет өлкөлөрдө Россияда, Казакстанда, Францияда, Түркияда, Кытайда жана Иранда өткөрүп коомчулуктун купулуна толгон. Сүрөтчү көптөгөн көргөзмөлөргө катышкан жана анын эмгектери ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.