Быйыл күзүндө Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Анын айтымында, кайсы мекемеге канча пайыз кошуларын азыр Экономика жана каржы министрлиги эсептеп жатат.
“Бизде кээ бир жерлерде 3-4 миң сом айлык алгандар бар. Опера жана балет театрында 10 миң сомдун тегереги. Ал эми цирк, китепкана дегендерде 3-4 миң айлык алгандар бар” - деди министр.
Өкмөттүн маданият кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүү тууралуу соңку чечими 2020-жылдын май айында кабыл алынган. Анда айлык 80 пайызга чейин көбөйөрү айтылган.
Кыргызстанда 22 театр оюн-зоок мекемеси, эки филармония, бир куурчак театры, 40 райондук маданият бөлүмү, 40ка жакын китепкана, 30дай музей, 1 миңдей айылдык клуб бар.