Жаңылыктар
Кыргыз - Кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз - Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары 3-апрелден 5-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай тартип коңшулардын мамлекеттик майрамына байланыштуу Кытай тараптын сунушу менен киргизилген. Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 6-апрелден тартып жанданат. Бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатат. Кыргыз-кытай чек арасы негизинен Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук мааракелеринде жыл сайын жабылып турат.