Ал арада Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги билет баасын арзандатуу аракетинде. Ошондой эле учактардын сапаты каралып, коопсуздугун камсыздоо , “кара тизмеден” чыгаруу иштери уланууда.
Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги каттамдардын санын көбөйтүү тууралуу Россияга кайрылууларды жолдоп жатат. Себеби дал ушул үзгүлтүксүз каттамдардын аздыгынан Россияга авиа билеттердин баасы кымбат болууда. Маалыматка ылайык үзгүлтүксүз каттамдарга чектөөнү Россия тарап коюуда. Ушул тапта жумасына 6 гана туруктуу каттам бар. Буга чейин айына 30га жакын, ал эми күнүнө 3-4 каттам ишке ашырылып келген.
Ушул тапта дарыланууга муктаж жарандар, Россиянын медициналык мекемесинен чакыруусу бар адамдар, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары үчүн чартердик каттамдар аткарылууда. Россиянын талаптарына ылайык, кыргыз жарандары коронавируска карата терс ПЧР анализин алышы керек.