Жаңылыктар
Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 1,66 млрд. сом түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 1,66 млрд. сом түштү

Республикалык бюджетти колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллиард 665 миллион 353 миң сом түштү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалыматында жазылган. 

Чогулган каражат өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн жумшала турганы белгиленет. Каражаттын 1 миллиард 535 миллион 340 миң сому укук коргоо органдары тарабынан салынган. Ал эми юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берген каражаты 66 миллион сомдон көп. 

Жыйналган акчанын 723 миллиону республикалык бюджетке которулуп, калган 942 миллион сому атайын эсепте сакталып турат.