УКМК тарабынан "Баткен" бажысынын жардамы менен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген, Баткен облусунун жергиликтүү тургундарынын контрабандалык иш-аракеттерине бөгөт коюлду.
Такталгандай, 26-мартта Лейлек районунунун «Р.С.Р» аттуу тургуну, Мерседес-Бенц автоунаасы менен кошуна өлкөлөрдүн аймагынан ташылып келген контрабандалык жүктү, Кыргызстандын базарларында өткөрүү үчүн атайын өткөрүү пункттарын айланып өтмөк. Контрабанда продукциясынын жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон. Бажы төлөмдөрүнөн качып төлөнбөгөн сумма болжол менен 50 миң сомду түзөт.
Ошондой эле, Баткен облусунун Миң-Булак айылынан контрабандалык жол менен ташылып келе жаткан Баткен облусунун тургуну "Д.Н.М." башкаруусундагы Mercedes-Benz "Sprinter" автоунаасынан жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн контрабандалык жүк кармалган.
Азыркы учурда кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча "Баткен" бажы органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 250 миң сомго бааланууда.
Кармалган жүк жана транспорт каражаттары тиешелүү коштоочу документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.