Келерки жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.
Маалым болгондой, Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары учурунда 2021-2023-жылдарга маданият жаатындагы пландар тууралуу келишимге кол коюлган. Мындан тышкары, спорт жана жаштар саясаты боюнча меморандумга кол коюлган.
Эми ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Анын алкагында Өзбекстанда чоң программадагы саякат күтүлүүдө жана театр өнөрпоздорунун гастролу пландалууда. Мындан тышкары, министр июнь айында эгемендиктин 30 жылдыгына карата Бишкек жана Ташкент шаарларында бирдиктүү концерттер жана кино күндөрү өткөрүлөрүн кошумчалады.