Жаңылыктар
Кыргызстандыктар 7-апрелде майрамдын эсебинен эс алышы күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктар 7-апрелде майрамдын эсебинен эс алышы күтүлүүдө

Кыргызстандыктар 7-апрелде майрамдын эсебинен эс алышы күтүлүп жатат. Мындай маалымат өкмөттүн 2021-жылга карата өндүрүш календарынын токтомунда жазылган. 

Элдик Апрель революциясы күнү шаршембиге туш келет. Апрелде башка майрамдык күндөр жок. Ушуну менен беш күн иштегендер бир айда тогуз жолу эс алат. 

Белгилей кетсек, апрель айында Рамазан айы, тагыраагы, орозо 13-14-апрелге туш келиши болжолдонууда. Бирок ал эс алуу күнү деп эсептелинбейт. Рамазан айынан кийин майда Орозо айтка байланыштуу эс алуу болот.