Ушул жумада Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасында эки кундук жумушчу сапары менен болду. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик иш-сапары менен болуп, бир катар маанилуу суйлошуулор болгон. Эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген макулдашуулар акыркы жылдары чечилбей келген эки тараптуу маселелерди чечүүгө чон түрткү бергени талашсыз. Кыргыз-озбек мамилелеринин ортосундагы өз-ара товар жүгүртүүнун көлөмүн жакынкы жылдарда 2 млрд. долларга чейин жеткирүү пландаштырылган. Эмки милдет президенттердин ортосундагы макулдашууларды жузого ашыруу аткаруу бийлик органдарынын алдында турат.
Ташкент шаарында Озбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон суйлошуудо Кыргыз окмотунун башчысы Улугбек Марипов “Соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен жакынкы мезгилде биргелешкен күч-аракеттер аркылуу аталган көрсөткүчкө жетише алабыз”- деп ишенээрин билдирди. Эки олконун окмот башчыларынын жолугушуусунда мамлекеттик аткаруу органдарынын ишин жакшыртуу, ишкер чойролордун кызматташуусун активдештируу, соода-алакаларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жонокойлоштуруу кадамдары талкууланды.